Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:16

Ноокат окуясы Жогорку Соттун териштирүүсүндө


Бүгүн Жогорку Сот Ноокат окуясы боюнча соттолгон 32 адамдын көзөмөл арызын карайт. Азыр соттун имаратынын алдында соттолгондордун алтымышка жакын туугандары жана укук коргоочулар чогулуп, соттон арызды акыйкат кароосун күтүп турушат. Өткөн жылдын 1-октябрында Орозо айт күнү Ноокат районунун борборундагы аянтта массалык башаламандыкты уюштуруп, мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн өзгөртүүгө чакырык жасашты, диний каршылыкты жаратты, жарандардын укугуна коркунуч келтирип, бөлүп-жарынуучулук иш жүргүздү деген кине менен 32 адам айыпталган. Ноокат райондук соту алардын ичинен 22 адамды 9 жылдан 20 жылга чейинки түрмө жазасына кескен. Укук коргоочулар менен соттолгондор сот далилдерди так иликтеген жок, күбөлөр толук угулган жок деп, облустук сотко кайрылганда мурдагы чечимди күчүндө калтырган. Укук коргоочулар менен жарандык коом өкүлдөрү аталган жагдайларды эми Жогорку Сот кылдат териштирүүсүн талап кылып жатышат.(BD)

XS
SM
MD
LG