Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, ШКУга мүчө мамлекеттердин ТИМдер кеңешинин жыйыны 15-майда Москвада болот. Ага Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев катышат. Министрлер ШКУга мүчө мамлекет башчылар кеңешинин 15-16-июнда Орусиянын Екатеринбург шаарында өтчү жыйынында каралчу маселелерди такташат. Анда Шанхай кызматташтык уюмунун натыйжалуулугун арттырып, өз ара жана башка эл аралык уюмдар менен кызматташууну жакшыртуу маселелерин талкуулашаары болжолдонууда. (BD)