Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Жогорку Сот Ноокат окуясы боюнча ишти кароого киришти


Түшкө чейин сот соттолгондорго коюлган айыптарды жана коргоочулардын өтүнүчтөрүн укту. Коомдук коргоочу Дмитрий Кабак теологиялык экспертиза жүргүзгөн адамдын кесипкөйлүгүн текшерүүнү соттон өтүндү. Анын айтымында, экспертиза илимий негизде эмес айыпталгандарга же диний уюмга карата жеке жек көрүүчүлүк сезим менен жасалгандай пикир жаратууда. Андан тышкары тергөөнүн “Хизбут-тахрир” партиясынын атынан атайын чакыруу билеттери таркатылган деген далилин аныктоочу билеттердин түп нускасын сотто көрсөтүүнү өтүндү. Мындай талапты коомдук коргоочу Азиза Абдрасулова да коюп, басмаканада басылган андай билетти эч ким көрбөгөндүгүн билдирди. Сот мындай өтүнүчтөрдү канааттандырган жок. Бирок сот коргоочулардын камакка алуу жергиликтүү бийлик тарабынан мурда түзүлгөн тизме менен жүргүзүлгөн деген билдирүүсүн орундуу деп эске ала тургандыгын билдирди. Укук коргоочулар экстремисттик диний уюмдун мүчөсү деп тизмеге беш жаштагы баладан токсондогу карыларга чейин киргизилгендигин билдиришти. (BD)

XS
SM
MD
LG