Бул тууралуу корпорация бүгүн жарыялады. Муну менен Sony корпорациясы акыркы он төрт жылда биринчи ирээт чыгаша тартып отурат. Корпорациянын билдиргенине караганда, ал жалпы экономиканынын начарлоосунан, инвестицияларын жоготуудан, Жапониянын улуттук акчасы - иендин күчтөнүүсүнөн улам зыян тартты. Sony корпорациясына чейин ири чыгашага учураганын Жапониянын Toyota Motor, Hitachi LTD компаниялары да жарыялаган.