Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:36

Эл аралык валюта кору Кыргызстанга жардам берет


Бул тууралуу бүгүн кордун Кыргызстандагы өкүлү Жеймс Мак Хью кабарлады. Анын айтымында, ири жыйырмалыктын Лондондо өткөн саммитинде дүйнөлүк каржы кризисинин капшабын басаңдатуу үчүн өнүгүүдөгү мамлекеттерге жардам берүү чечимине келген. Ошон үчүн Эл аралык валюта кору Кыргызстанга “Атайын карыз берүү укугу” деген жардам алкагында жүз миллион доллар берет. Кордун директорлор кеңеши андан тышкары “Кризистин жаалын жумшартуу” деген кыска мөөнөттүү программасынын алкагында дагы жүз миллион доллар берүү маселесин 22-майдагы жыйынында чечет. Жеймс Мак Хьюнун айтымында, ал каражат инфляцияны ооздуктап, жумушсуздук азайтууга жана бюджетти колдоого жумшалат. (BD)

XS
SM
MD
LG