Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

АКШ Кыргызстанга жардам көлөмүн көбөйттү


Мындай маалымат АКШнын Мамлекеттик департаменти 7-майда тараткан билдирүүдө айтылат. Ага ылайык АКШ Кыргызстанга 1-октябрдан башталчу жаңы бюджет жылында 41 миллион 500 миң долларлык экономикалык жардам берет. Бул жылы анын көлөмү 24 миллион 400 миң болчу. Андан тышкары аскерий жардамдын көлөмүн 800 миң доллардан 2 миллион 900 миң долларга көтөргөн жатат. АКШнын Мамлекеттик департаменти мындай чечимин Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууда маанилүү роль ойногон Борбор Азиядагы экономикалык шартты жакшыртуу аракети менен түшүндүрдү. Ал эми эл аралык саясат талдоочулар бул Борбор Азия менен Кавказда таасирин күчөтүп жаткан Орусияга берилген жооп деп баалап жатышат. Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен кыргыз өкмөтүнөн жардам кайда жумшалары тууралуу маалымат ала албадык.(BD)

XS
SM
MD
LG