Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Президент ишкердикти көзөмөлдөө боюнча прокуратуранын укугун кеңейтти


Ишкер субьектилерин текшерүү укугуна тиешелүү органдар Башкы Прокуратуранын каттоосунан өткөндөн кийин гана ээ боло алат. Буга байланышкан жардыкты президент Курманбек Бакиев кечээ чыгарды. Таратылган маалыматка караганда президент мындай жардыкты жагымдуу инвестициялык чөйрөнү калыптандыруу, экономикалык иш субъекттерин укуктук жактан коргоону күчөтүү, текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин өркүндөтүү, ишкердиктин субъекттеринин ишине мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн жоюу максатында чыгарды. (BuS)

XS
SM
MD
LG