Эл аралык “Кызыл чырым” комитети Шри-Ланкада гуманитардык кризис жогорку деңгээлге жеткенин билдирүүдө. Учурда өкмөт козголоңчул “Тамил жолборстору” тобуна каршы чабуул жүргүзүүдө. Комитеттин маалыматына ылайык, согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакка гуманитардык жүктөрдү жеткирүү мүмкүн болбой жатат. БУУнун маалыматына ылайык, 50 миң жайкын тургун бул аймактан чыгып кете албай жатышат. Ондогон кишилер набыт болгону кабарланууда.