Вашингтон грузин бийлигине колдоосун билдирип, анын аймактык бүтүндүгүн урматтайт. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жо Байден телефон аркылуу грузин президенти Михаил Сакашвили менен сүйлөшүүсүнөн кийин маалым болду. Ак үй тараткан маалыматка ылайык, Жо Байден грузин өкмөтүнүн оппозициянын талабына тең салмактуу жообун кубаттады. Грузияда оппозиция бир айдан бери Саакашвилинин кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Саакашвили болсо, 2013-жылга чейин президенттик милдетин аткара берерин билдирди.