Бүгүнкү соттук коллегияда айыпталуучулардын коомдук жактоочулары чыгып сүйлөп, укук коргоочу Дмитрий Кабак Жогорку Соттон айыпталып жаткан 32 адамды актоону өтүндү. Ал эми “Кылым шамы” укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулова Ноокат райондук жана Ош облустук сотунун чечимдерин жокко чыгарууну өтүндү. Ноокаттагы тополоңго катыштыгы бар делип айыпталып жаткан 32 адамдын ичинен жыйырмасы 1-октябрда Ноокатта болбогонуна байланыштуу аларды толук актоону жана алардын он экисинин баш коргоо чарасын өзгөртүп, ишин кайра тергөөгө жиберүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул маселени Жогорку Сот 19-майда уланта турган болду. (AJ)