Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Нарын шаарындагы тергөө абагында каза болгон жарандын себептери иликтенүүдө


Кылмыш-Жаза Кодексинин 105,112- жана 234- беренелери боюнча Нарын шаарындагы тергөө абагында кармалып турган Ат-Башы районунун тургуну Камчыбек Дыйканов 12-май күнү эртең менен каза болгон. Окуяны жеринде иликтөөдө тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер аныкталган жок. Мындай маалыматты Акыйкатчынын облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Ырысбеков «Азаттыкка» маалымдады. Камчыбек Дыйканов 5 күн илгери абакка камалгандыгын, 12-май күнү эртең менен ооруп калгандыгын айтканда «Тез жардам» чакырттык деп билдирди тергөө абактын жетекчиси Талант Акматов. Нарын облустук соттук-медициналык экспертизанын ана башчысы Жолдошбек Жуманалиев сөөк экспертизага алынып, кароого жиберилгендигин айтат. (KUs)

XS
SM
MD
LG