Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:20

ТЭЦтин трубиналарын оңдоп-түзөө убагында бүтпөй калуу коркунучу бар


Бул тууралуу парламенттин СДП фракциясынан билдиришти. Маалыматка караганда ТЭЦтин жетекчилиги трубина, кубаттуулук жагын оңдоп жаткан эки бригададан турган адистиги бар кесипкөй 70тен ашуун жумушчулардын 38ин күчкө салып жумуштан бошотуп, алардын ордуна адистиги жок кишилерди жумушка алышкан. Кесипкөй жумушчулардын кыскарышынан улам оңдоп-түзөө иштери убагында бүтпөй, авария болуу коркунучу бар экендиги айтылат билдирүүдө. Бул боюнча аталган фракция премьер-министр Игорь Чудиновго кат жолдоду. Ал эми парламенттеги СДП фракциясынан депутат Роза Отунбаева Жогорку Кеңеште өткөн өкмөттүк саатта бул маселени көтөрүп чыккан. (AJ)

XS
SM
MD
LG