Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:25

Башкы прокуратура текшерүүлөрдүн негиздүүлүгүн көзөмөлдөйт


Бул тууралуу башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, көпчүлүк учурда ишкерлерди мамлекеттик органдар негизсиз, айрым учурда заказ түрүндө текшергендер болууда. “Эми ишкердик субьектилерди негиздүү текшерүү Башкы прокуратуранын көзөмөлү аркылуу мыйзамдын чегинде жүргүзүлөт. Дүйнөлүк кризис маалында ишкерлердин укугун чектөө шартын четтетүү боюнча курч маселе турат”,-деди Сатыбалдиев. Кечээ президент Курманбек Бакиев “Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин бирдиктүү эсепке алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө” жардыкка кол койгон. Анда ишкерлерди укуктук жактан коргоону күчөтүүү, ишкердик субъекттердин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн жоюуу, аларды текшерүү прокуратуранын каттоосунан өткөндөн кийин гана жүргүзүү каралган. (AJ)

XS
SM
MD
LG