Бул тууралуу “24 kg” маалымат агенттиги жазып чыкты. ИИМдеги ишенимдүү булактын маалыматына шилтеме жасап тараткан маалыматта шектүү делип кармалган эки адамды тартип коргоо ккызматкерлери Коопсуздук комитетине өткөрүп беришкен. 10-майда баш калаадагы эс алуу жайларынын биринде белгисиз адамдар менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин “Альфа” аттуу атайын кызматынын кызматкерлеринин ортосунда жаңжал болгон. “Альфанын” кызматкерлери ал жерден чыгып Кызыл-Аскер тарапка кетишкен. Аларды белгисиз адамдар артынан кууп барып, катуу сабаган. Жыйынтыгында “Альфанын” кызматкери Максим Горохов кан көп кетип операциялык столдо көз жумган. Калган эки кызматкер Бишкектин ооруканаларынын бириндеги реанимациялык бөлүмгө жеткирилген. Такталбаган маалымат боюнча бул окуяга байланыштуу шектелип кармалган эки адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экендиги айтылууда. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан бул боюнча тактап, ишембиде “Азаттыкка” кабарлашарын билдиришти. (AJ)