Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Оштун Кара- Кочкор айылын кайрадан сел каптады


Бул туурасында ӨКМнин бөлүм башчысы Абдысамат Паязов “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка таянсак, 15- майдан 16- майга караган түнү жана таңда кайрадан сел каптоо болуп, кечээ тазаланган жерлерди жууп кеткен. Белгилүү болгондой, 14- май күнү катуу нөшөрдөн кийин Кара- Кочкор айылында катуу сел жүрүп, 372 үйдү каптап, анын ичинен 3 үй жашоого такыр эле жараксыз болуп калган. Учурда үйсүз калгандар үчүн 6 кишилик 10 чатыр жеткирилип, тазалоо иштери улантылып жатат. Кара- Кочкор айылын былтыркы жылы дагы сел каптаган. (JJ)

XS
SM
MD
LG