Мөөрөй талашууга Нарын, Бишкек шаарларынан экиден, Токмок, Каракол, Чолпон-Ата шаарларынан жана Сокулук районунан бирден команда келген. Мелдешке жалпысынан 100дөн ашык өспүрүм катышты. Аземдин ачылышында Кыргыз Республикасынын самбо федерациясынын президенти Нурлан Токоноев, “бул мелдеш 1-4-июнда Ташкент шаарында өтө турган самбо күрөшү боюнча Азия чемпионатына жана октябрь айында Грецияда болуучу дүйнөлүк чемпионатка даярдык”,- деп билдирди. Мелдешти Нарын шаардык мериясы, шаардык кеңеш жана облустук спорт мектеби уюштурушкан. (KuS)