БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматовдун бүгүн "Азаттыкка" билдиргенине караганда, буга чейин президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген 13 талапкердин арызы катталды. Алардын арасында үч талапкер: Курманбек Бакиев, Темир Сариев жана Куттубек Асылбеков саясий партиялар тараыбнан көрсөтүлгөн. Калган 10 талапкер өзүн-өзү көрсөткөн: Алар: Исмаил Исаков, Жеңишбек Назаралиев, Мурат Боромбаев, Акбаралы Айтикеев, Алмазбек Атамбаев, Нурлан Мотуев, Токтайым Үмөталиева, Азамат Уламаев, Кутманбек Эшенбаев, Жаныбек Сүйүналиев. Мурдагы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бул шайлоодо бириккен оппозициянын талапкери катары чыгууда. (SA)