6 тартип коргоочу талибдерге катнашы бар согушкерлер Хелманд дубанында кол салганда окко учту. Мындан бир нече сааттан кийин Нимроз дубанындагы полиция бекетине кол салууда беш тартип коргоочу көз жумган. Кечээ Забул дубанында бомба жарылганда ооган армиясынын бир аскери көз жумуп, дагы үчөө жараат алды.