Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Литвадагы президенттик шайлоодо Д.Грибаускайте жеңип чыкканын жарыялады


53 жаштагы Даля Грибаускайте кесиби боюнча экономист, учурда Еврокомиссиянын бюджеттик мекемесин жетектейт жана Литванын биринчи аял президенти болмокчу. Бюллентендердин дээрлик баары саналып калгандан кийинки маалыматтарга караганда, аны шайлоочулардын 69%ы колдогон. Литвадагы президенттик шайлоого жалпысынан 7 талапкер катышып, кечээги добуш берүүгү калктын 51%ы келген. Экономикасы бир нече жыл катары менен өсүү үстүндө гана Литвада былтыртан бери жумушсуздук көбөйдү. Быйыл январда экономикалык абалдын кескин начарлоосуна нааразы болгон эле көчөгө чыгып, арты тополоңго айланган. Шайлоодо жеңип чыккан Грибускайте экономикалык кризисти жеңүү үчүн өкмөт менен тыгыз иштешерин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG