КСДП тараткан билдирүүдө Петровка айылындагы элдин толкундоосунун себеби тартип коргоо органдары менен кылмыш дүйнөсүнүн аралашып кетүүсүндө экени белгиленген. Ички иштер министри М.Конгантиевдин оппозицияны айыптаган жоопкерчиликсиз билдирүүлөрүнө карабай, Президент негизги күнөө жергиликтүү активистерде эмес, жергиликтүү бийликте экенин билдирген. Ошого байланыштуу КСДП саясий кеңеши С.Аргынбаевди жана Э.Бүлекбаевдин тезинен бошотуу талабын коет. Саясий ишмердүүлүгү үчүн айыптоого жол берилбеш керек. Анын аягы коомдук-саясий жаңжалдарга алып келиши ыктымал, деп айтылган билдирүүдө.(AiT)