Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Таласта СПИДден кайтыш болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү


Бул иш-чара жекшембиде “Репродуктивдүү ден-соолук альянсы” деп аталган бейөкмөт уюмунун демилгеси менен “Кызыл ай коому,” Кыргызстандагы үй-бүлөлүк пландаштыруу альянсы, Аялдар конгрессинин” Таластагы бөлүмдөрү менен биргелешип өткөрүлдү. Аны уюштуруучулардын айтымында, иш-чара элге СПИД оорусу тууралуу маалымат берүү максатын көздөдү. Анда бул илдет боюнча видео тасмалар көрсөтүлүп, атайын тактай орнотулду. Ошондой эле СПИДден кайтыш болгон адамдарды эскерүү иретинде шам жагылып, гүл коюлду. Облустук СПИД борборунун кызматкерлери бул иш-чарага катышпаганына бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү нааразы болушту. Маалыматтарга караганда, учурда дүйнө жүзү боюнча СПИД оорусу өтө тездик менен жайылып, бул оорудан ар 8 секунд сайын бир адам кайтыш болот. Таласта 2006-жылы бул ооруга чалдыккан бир эле адам катталса, быйыл ал сан 10го жетип, булардын арасында балдар да бар. Таласта жакында бул оорудан бир адам кайтыш болду. (UA)

XS
SM
MD
LG