Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Ө.Осмонов мурдагы көргөзмөлөрүнөн баш тартууда


13-мартта жол кырсыгын жасаган, адамдарды коркунучтуу шартта таштап кеткен деген айып коюлган Өмүрбек Осмонов мурда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартты. Ал коркунучтуу абалда адамдарды таштап кетти деген айыптоолор негизсиз экенин, анткени күйүп жаткан жип тууралуу кабар бергенин, жеңил автоунаа менен Жиптин кагылышуусунан өрттүн чыгышына да шеги бар экенин билдирген.

Бул жүйөөлөрдү Осмоновдун адвокаты бүгүн Аламүдүн райондук сотунда билдирип, ишти кайра тергөөгө жиберүү талабын койду. Белгилүү болгондой Аламүдүн райондук соту бүгүн 13-марттагы жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин кароого киришти. 13-марттагы жол кырсыгында президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркулов, президент алдындагы стратегиялык иликтөө институтунун мурунку башчысы С.Слепченко жана айдоочу К.Сулайманов каза болгон. Тергөөнүн расмий жыйынтыгы боюнча Ө.Осмоновдун Ауди-100 автоунаасы Садыркуловдордун Лексус жиби менен кагылышып, андан чыккан өрттөн Жип автоунаасы жана андагы адамдар толугу менен күйүп кеткен.

Медет Садыркулводун жакындарынын адвокаты Леонид Лужанский да тергөөнүн чала жүргүзүлгөнүн, ал жерде көп суроолорго жооп табылбаганын билдирип, ишти кайра тергөөгө жиберүүнү талап кылды. Бирок судья адвокаттардын талабын четке кагып, сот жараянын улантууга киришүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG