Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Бүгүн президенттикке талапкерликке көрсөтүүнүн акыркы күнү


Бүгүн президенттикке талапкерликке көрсөтүүнүн акыркы күнү

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жамиля Алымбекованын билдирүүсүнө караганда, 23-июлга белгиленген президенттик шайлоого талапкер катары катышууга арыз берүүнүн акыркы күнү. Буга байланыштуу БШКнын мүчөлөрү бүгүн түнкү саат 24:00 чейин талапкерликке ниети барлардын арызын күтөт. 19-майга караган түнү болсо арыз берүүнүн мөөнөтү бүтөт. Бүгүнкү күнгө карай президенттикке талапкер болуу ниети менен арыз бергендер саны 16 болду.

Алардын тизмеги:
1.Исмаил Исаков, Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы;
2.Жеңишбек Назаралиев, дарыгер-нарколог;
3.Акбаралы Айтикеев, ишкер, Өнөр жай, айыл чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыгын коргоо партиясынын төрагасы;
4.Мурат Боромбаев, Токмок шаарында орус тил мугалими;
5.Нурлан Мотуев, «Жоомарт» кыймылынын лидери;
6.Куттубек Асылбеков, Дыйкан-фермерлердин саясий партиясы ( партия тарабынан көрсөтүлгөн);
7.Алмазбек Атамбаев, Бириккен Элдик Кыймылдын талапкери;
8.Курманбек Бакиев, президент ( партия тарабынан көрсөтүлгөн);
9.Темир Сариев, «Ак-Шумкар» партиясынын лидери ( партия тарабынан көрсөтүлгөн);
10.Токтайым Уметалиева, Кыргызстан өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдарынын бирикмесинин төраймы;
11.Азамат Уламаев, убактылуу жумушсуз;
12.Кутманбек Эшенбаев, жоопкерчилиги чектелген «Инсанстрой» коомдук бирикмесинин төрагасы;
13.Жаныбек Cүйүналиев, убактылуу жумушсуз.
14. Юруслан Истанов, убактылуу жумушсуз;
15. Аскарбек Абышев, жоопкерчилиги чектелген «Кыргызспецэксперт” коомунун жетекчиси;
16. Гүлжамиля Эстебесова, убактылуу жумушсуз;

XS
SM
MD
LG