Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Катуу селден улам Өзгөндүн Кара-Тарык айылы тыш дүйнөдөн бөлүнүп калды


Чукул кырдаал министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Абдушарип Бекилов «Азаттыкка» кабарлашынча, бир нече күн нөшөрлөп төккө жамгыр селге айланып, Кара-Тарык кыштагын айыл өкмөтү жана райондук борбор менен байланыштырчу жападан жалгыз көпүрөнү, ошондой эле автожолду кыйратып таштаган. Учурда бөлүнгөн аймакта жашаган 136 үй-бүлөнүн тагдыры кыйла кооптонууну жаратууда. Өзгөн районунун акиминин орун басары Сатыбалды Айтбаев каратарыктыктар жөө жана атчан каттап жаткандыгын, ал эми көпүрө маселеси атайын комиссиянын бүтүмүнөн кийин гана чечилээрин маалымдады. (ATo)

XS
SM
MD
LG