Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

“Жашылдар” партиясы Эркин Бөлөкбаевдин өмүрүнө тынчсызданууда


Жашылдар партиясы тараткан маалыматка караганда Коопсуздук Комитетинин камагында отурган Эркин Бөлөкбаевдин жанында 8-майдан бери наркоман Шуролу Шарипов, 15-майдан бери киши өлтүрдү деп айыпталган Ильяс кошулду. Алар саясатчыга таандык Кылмыш-жаза кодекси, Кылмыш кодекси, Шайлоо кодекси өңдүү Бөлөкбаевге таандык китептерди, документтерди, гезиттерди тартып алышты. Партия мындай мамиле саясатчынын конституциялык укуктарын бузуп жатат деп эсептеп, оппозициялык лидердин өмүрүнө жана саламаттыгына тынчсыздануусун билдирди. Бөлөкбаев Петровка жаңжалы боюнча 27-апрелде камалган.

Бүгүн Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши укук коргоочу Сапар Аргымбаев менен саясатчы Эркин Бөлөкбаевди бейкүнөө кармалды деп, камактан бошотууну бийликтен талап кылган билдирүү таратты. Бул эки жаран Петровка окуясынын учурунда тартипсиздик уюштурган деп 2 айлык мөөнөткө Коопсуздук Комитетинин камагына алынышкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG