Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:57

Бүгүн Аламүдүн райсотунда М.Садыркуловго байланыштуу сот улантылат


Кечээги сот жараянында маркум Медет Садыркуловдун жакындарынын адвокаты Леонид Лужанский тергөө чала жүргүзүлгөнүн, ал жерде көп суроолорго жооп табылбаганын билдирип, ишти кайра тергөөгө жиберүүнү талап кылды. Бирок судья адвокаттардын талабын четке кагып, сот жараянын улантууга киришүүдө.
13-мартта жол кырсыгын жасаган, адамдарды коркунучтуу шартта таштап кеткен деген айып коюлган Өмүрбек Осмонов мурда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, коркунучтуу абалда адамдарды таштап кетти деген айыптоолор негизсиз экенин, анткени күйүп жаткан автоунаа тууралуу кабар бергенин билдирген. Ушул жылдын 13-марттагы жол кырсыгында президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркулов, президент алдындагы стратегиялык иликтөө институтунун мурунку башчысы С.Слепченко жана айдоочу К.Сулайманов каза болгон. Тергөөнүн расмий жыйынтыгы боюнча Ө.Осмоновдун Ауди-100 автоунаасы Садыркуловдордун “Лексус” үлгүсүндөгү унаасы менен кагылышып, андан чыккан өрттөн “Лексус” автоунаасы жана андагы адамдар толугу менен күйүп кеткен. (AJ)

XS
SM
MD
LG