Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Орусия сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетти


Орусия Грузия менен эл аралык ортомчулар астында өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетти. Кечээ Женевада башталган сүйлөшүүлөр эки күнгө уланып, анда Кавказдагы коопсуздук маселеси, гуманитардык иштер талкуулануусу керек эле. Бул Орусия менен Грузия ортосунда Евробиримдик, ЕККУ жана Улуттар уюму ортомчулук кылган сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасы болмок. Бирок сүйлөшүүлөргө Абхазия катышуудан баш тарткандыктан, Орусия аны улантууну жөнсүз деп эсептеди. Сүйлөшүүлөрдөн Түштүк Осетиянын делегациясы да кетип калды.

Сүйлөшүүнүн буга чейинки айлампасы февралда өткөн эле. Андан бери Грузия менен Орусиянын алакасы бир катар маселелерден улам, анын ичинде НАТОнун Грузияда өтүп жаткан машыгууларына байланыштуу кайрадан чыңала түштү.

Эл аралык ортомчулар тараптарды сүйлөшүү столуна бүгүн кайра кайтууга чакырды. АКШ Орусия менен ал колдогон Түштүк Осетиянын кадамын сүйлөшүүлөрдү жокко чыгарууну көздөгөн, координацияланган аракет катары баалады.

Былтыркы августтагы кыска согуштан кийин Орусия Грузиянын жикчил аймактары катары эсептелген Түштүк Осетия менен Абхазияны көз карандысыз мамлекеттер катары тааныган.

XS
SM
MD
LG