Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:38

АКШ палестин мамлекети түзүлүүсүн колдойт


Бул тууралуу президент Барак Обама Ак үйдө Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолуккан соң билдирди. Анын айтымында, АКШ Жакынкы Чыгыштагы жаңжал эки мамлекет жолу аркылуу чечилүүсүн жактайт. Барак Обама ошондой эле Иордандын Батыш жээгинде жөөт конуштарын куруу иши токтотулуусу керектигин белгиледи жана тараптарды тынчтык орнотуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого чакырды.

Ал эми Биньямин Нетаньяхунун айтымында, ал тынчтык сүйлөшүүлөрүн дароо эле баштоого даяр. Бирок биринчи кезекте палестиналыктар Израилди жөөт мамлекети катары таануусу абзел.

АКШ президенти менен Израиль премьер-министринин Ак үйдөгү сүйлөшүүлөрүндө жөөт-палестин чатагын жөнгө салуудан тышкары Ирандын өзөктүк программасын токтотуу маселеси да талкууланган. Барак Обама АКШ бул багыттагы жылыштарды жыл соңуна чейин көргүсү келерин, бирок дипломатиялык аракеттерди мөөнөт жагынан атайлап чектөөнүн жүйөсүн көрбөй турганын айтты.

XS
SM
MD
LG