Борбордук шайлоо комиссиясынын президенттикке талапкерлерди мамлекеттик тил комиссиясынан өткөрүү графигине ылайык 20-майда саат 10:00 Исмаил Исаков комиссияга чакырылды. Шайлоо кодексинин 61 беренесине ылайык, талапкер мамлекеттик тилде өз программасы тууралуу үч бет текст жазып берүүгө тийиш. Андан сырткары 15 минута мамлекеттик тилде сүйлөп, үч беттик тексти окуп берүүгө тийиш. Мына ошондон кийин тогуз кишиден турган комиссиянын мүчөлөрү талапкерге “билет”, же “билбейт” деген баа коет. Эгерде комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү “билет” деп баа берсе, анда талапкер мамлекеттик тилди билет деп саналат да шайлоо кампаниясын улантууга мүмкүнчүлүк алат.(AiT)