Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:58

Ноокат окуясы боюнча Жогорку Соттун чечими бүгүн чыгат


Жогорку Сот өткөн жумадан бери Ноокат окуясы боюнча айыпталгандардын апелляциялык арызын кароодо. Бул тууралуу “Кылым шамы” уюмунун лидери Азиза Абдырасулова билдирди. Анын айтымында, соттук териштирүүнүн бүгүнкү бөлүгүндө айыптоочу прокурор Жорокул Кубатов “Хизбут тахрир” уюмуна мүчөлөрдүн “Аллах Акбар” деген сөзү бар. Ноокат окуясынын катышуучулары ал сөздү кыйкырышкан. Ошону менен алардын “Хизбут тахрирге” мүчө экени аныкталды деп, айыпталуучуларга берилген жазаны өз күчүндө калтырууну талап кылды. 2008-жылы 1-октябрда Ноокат райондук акимчилигинин алдында баш-аламандык болгон. Аны “Хизбут тахрир” уюмунун мүчөлөрү уюштурду деп, 32 адам кармалып, алар 9 жылдан 20 жылга чейин кесилген. Айыпталуучулар жана алардын адвокаттары окуяны кайрадан тергөөгө жөнөтүүнү талап кылышууда. Жогорку Сот апелляциялык арыз боюнча чечимин бүгүн кечки саат 17:00 чыгара турган болду.(AiT)

XS
SM
MD
LG