Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

Ош шаарында иш таштаган айдоочуларга эскертүү берилүүдө


Бул туурасында «Азаттыкка» кабарлаган жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканалардын биринин башчысынын айтымында, шаар бийлиги иш таштагандар менен сүйлөшүүнүн ордуна айрым каттамдардын бригадирлерин чакырып, «19-майдан тартып жумушка чыкпасаңар, келишимди бузуп, жаңы тендер жарыялайбыз!» деп опузалашкан. Ошондуктан, кээ бир айдоочулар эртең менентен машинасын жүргүзүүгө аргасыз болушту. Анткен менен 700 чакты айдоочунун көпчүлүгү иш таштоону дале улантууда.

Ош шаарынын вице-мэри Мухиддин Мамасадыков иш таштагандарга карата коркутуп-үркүтүүлөр болбогондугун белгилеп, болгону беш-алты ишкана жетекчисине катуу эскертишкендигин, учурда чоң-кичине автобустарды, троллейбустарды кошкондо калаада 400дөн ашуун автоунаа жүргүнчүлөрдү тейлеп жаткандыгын маалымдады. Кечээ шаардагы маршруттук каттамдардын айдоочулары шаар кеңештин жол кирени арзандаткан чечимине нааразылык иретинде иш ташташып, жол акысын мурдагы калыбына келтирүү талабын коюшкан болчу. (ATo)

XS
SM
MD
LG