Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:01

Дооронбек Садырбаевди эскерүү иш-чарасы Бишкекте өтөт


20-майда Кыргыз эл артисти Дооронбек Садырбаевдин арбагына куран окутуп, эскерүү митингин Шайдан айылында өткөрүү мурда белгиленген болчу. Ал иш чара эртең Ноокен районунда өтпөй турган болду. Таанымал кинорежиссерду эскерүү 30-майга жылдырылды. Ал күнү Бишкекте Садырбаевдин эстелиги коюлат. Мындай маалымат БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдон алынды. Анын айтымында, Бекназаров 7- майда айылга келип кеткен соң, маркумдун туугандарына түрдүү кысым көрсөтүлгөн. Райбийлик коркутуп-үркүтүп, шайлоодон кийин өткөрүүнү сунуштап, Масы айыл өкмөтүн Д. Садырбаевдин ысымы менен атоого убада кылган. Уруулаш туугандары Бекназаровдун демилгесине каршы болуп, Садырбаев күзүндө мамлекеттик деңгээлде эскерилээрин белгилешти. Ноокендин акими Турдумамат Сагындыков кысым көрсөтүүлөр болгонун четке какты. (YA)
XS
SM
MD
LG