Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:06

Нарында президентикке талапкерди колдогон алгачкы кол тамгалар текшериле баштады


Өлкө президенттигине талапкер Жеңишбек Назаралиевди колдогон 3649 кол тамга Нарын облустук шайлоо комиссиясынын алдындагы жумушчу топко келип түштү. Мындай маалыматты облшайлоокомдун төрайымы Майрам Тиленчиева бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Майрам Тиленчиева жумушчу топко талапкерлерден эң алгачкы кол тамгалар түшкөндүгүн белгилеп, колтамгалардын жана маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүү мыйзамга ылайык 5 күн аралыгында аныкталаарын кошумчалады. Президенттикке талапкер Жеңишбек Назаралиевдин ыйгарым укуктуу өкулү Келдибек Жумалиев кол тамга чогултуу Нарын шаарынан, Ат-Башы районунан жүргүзүлгөндүгүн, 3649 кол тамга анык экендигин ырастады. Облуста 147 916 шайлоочу бар экендиги такталган жана шайлоо 164 участкада өткөрүлөт. (KUs)

XS
SM
MD
LG