“Ата Мекен” партиясынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, 19-майда саат 21 чамасында Болот Шерниязов түшкөн Toyota Land Cruzer 100 үлгүсүндөгү автоунааны кара түстөгү мамлекеттик номуру жок, терезелери караңгылатылган BMW жеңил машинеси менен бейтааныш адамдар кубалап, жолдун четине токтотууга аракет кылган. Шерниязовдун айдоочусу катуу ылдамдыкта жолдун каршы тилкесине өтүп, качып кутулган. Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы болсо бул окуя боюнча Бишкек ШИИБ, МАИ кызматына эч ким кайрылбагандыгын, бул окуя катталбаганын билдирди. (AJ)