Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:23

АКШ жана Орусия өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады

Дипломаттар ортосунда Москвада өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн бүгүн - экинчи күнү. Анын максаты өзөктүк куралдарды кыскартуу боюнча Кансыз согуш доорунун аягында түзүлгөн, мөөнөтү быйыл аяктоочу келишимди алмаштыруу. Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишими 1991-жылы кабыл алынган. Президенттер Барак Обама менен Дмитрий Медведев эски келишимди алмаштыруучу жаңы документ боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону апрель айындагы жолугушуусунда макулдашкан.

Орусия жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү болор-болбосу АКШнын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Борбордук Европада жайгаштыруу планына байланыштуу экенин ишара кылган. Вашингтондун бул планы Москванын кескин каршылыгын жараткан.
XS
SM
MD
LG