Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

К.Бакиев Жалал-Абадда


Президент Курманбек Бакиев бүгүн Жалал-Абад облусундагы иш сапары учурунда шаардагы "Кайра жаралуу" деп аталган тигүү цехи менен таанышып, шагыл майдалоочу Борбор Азиядагы жаңы заводду ачты. Заводдун жамааты менен жолугушууда өлкөдө саясий туруктуулук болсо чет өлкөлүк инвесторлор көп келип, жаңы ишканалар ачылаарын билдирди.Андан тышкары өкмөт Кумтөр кенин иштеткен чет өлкөлүк компания менен келишимди кайра түзгөндүгүн баса белгилеп, андан казынага 3,5 миллиард доллар киреше түшөөрүн жана ал каражат жолдорду оңдоого жумшаларын жана жолдорду оңдоого бөлүнгөн каражат азыр 2002-жылга салыштырмалуу 8,5 эсеге көбөйгөнүн кабарлады. Президент андан кийин Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниянын жаңы имаратын ачуу салтанатына катышып, Кыргыз-Өзбек университетинин спорт залын көрдү. Түштөн кийин Сузак районундагы гипсокартон чыгаруучу заводдун ачылышына катышып, облустагы карыялар менен жолугушаары күтүлүүдө. Мындай маалыматты "Азаттыктын" облустагы кабарчысы Ырысбай Абдраимов билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG