Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Укук коргоочулар:бийлик атайын тизме түзүп койгон


Бул тууралуу бүгүн Акыйкатчынын алдындагы укук коргоочулар кеңешинин мүчөсү Дмитрий Кабак маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Ноокат окуясы боюнча күнөөлүү деп кармалган адамдар "Хизбут-Тахрир" уюмуна катышы бар деген шек менен мурда түзүлгөн тизмеге киргизилген жана ал мындан ары дагы узарат деген кооптонуу бар. Себеби Ноокат районундагы 13 айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн тизмеге бир үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү кары-жашына карабай киргизилген жана тизме кандай негизде түзүлгөнү белгисиз деген укук тизмедеги адамдарды өлкөдөн тыш жерлерде да кармоого көрсөтмө берилген деп белгиледи. Андан тышкары тизме азыр бийликке тик караган укук коргоочу, журналист жана оппозиция өкүлдөрү менен толукталышы ажеп эмес экендигин эскертти. Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы буга чейин диний экстремизмге жана өлкөдө тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрүнө каршы аракетти күчөтүү жана калкка андай багыттын зыяндуулугун түшүндүрүү иштери бардык аймактарда жүргүзүлүп жаткандыгын билдирген болчу.(BD)

XS
SM
MD
LG