Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Нарындык мугалимдер педагогикалык стажга кошумча төлөө кемип жатканына нааразылык билдиришүүдө


Мындай маалымат бүгүн вице-премьер-министр Өктөмкан Абдуллаева менен Нарын шаарындагы мугалимдердин жолугушуусунда айтылды. Маселен Нарын шаарындагы №7 мектептин деректири Качкын Ырысмамбетова педагогикалык стажга үстөк төлөө 18 сааттан ашык сабак берген мугалимдерге төлөнбөй кайра эсептөө башталгандыгын билдирди. Жыйында ошондой эле «мугалимдердин макамы жөнүндөгү» мыйзамдагы социалдык керектөө аткарылбай жаткандыгы, мектептерди учурдагы оңдоого акча каражаттын чечиле электиги белгиленди. Өз сөзүндө вице-премьер-министр айтылган жагдайлар териштирилээрин убады кылды. Ал эми Нарын шаардык каржы бөлүмүнүн орун басары Айты Кеңешова педагогикалык стаж боюнча кайра эсептөө жүргүзүлө электигин “Азаттыкка” телефон аркылуу жооп кылды. (KUs)

XS
SM
MD
LG