Маркум Дооронбек Садырбаевди эскерүүгө Базар-Коргон, Ала-Бука, Өзгөн райондору менен Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларынын өкүлдөрү келишти. Алар эскерүүгө саясатчылардын катышуусуна кыйыр тоскоолдук кылган бийликке капа болушту. Жогорку Кеңештин үч жолку депутатынын Шайдан айылындагы карындашы Гүласел Садырбаева келгендерге жергиликтүү бийлик агасынын эскерүү митингин өткөрбөө үчүн убара тарттырганын айтып берди. Ал 30-майда Бишкекте кинорежиссер агасы саясатчылар тарабынан атайын эскерилээрин жана ошол күнү эстелиги коюларын билдирди. (YA)