Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

Чек айылы боюнча депутаттар Өзбекстан парламентине кайрылуу жолдошот


Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусунун коңшу Өзбекстан менен чектеш жайгашкан Чек айылында жакында эле болуп өткөн окуя боюнча кыргыз парламентинин атынан Өзбекстан парламентине кайрылуу жолдоону сунуштады. Б.Төрөбаевдин сунушун “Ак Жол” фракциясы колдоого алып, Жогорку Кеңештин Эларалык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитети менен Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитетине кайрылуунун долбоорун даярдоону табышташты. Кайрылууну дароо эле Жогорку Кеңештин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды. 19-апрелде Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Чек айылын өзбек күчтөрү өздөрүнө каратып алышканы тууралуу маалымат тараган. Ага карата кыргыз бийлиги 30-апрелде нота жиберген. (AJ)

XS
SM
MD
LG