Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

Бүгүн Малайзиянын парламенттик делегациясы иш сапары менен келет


Малайзия парламентинин спикери Тан Сри Пандикар Амин Хаджи Мулиа башында турган парламенттик делегация Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Иш сапарынын программасына ылайык, спикер Тан Сри Пандикар Амин Хаджи Мулиа президент Курманбек Бакиев менен жолугушуп, Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаевдин кабыл алуусунда болуп, парламенттер аралык кызматташуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле, расмий иш сапарынын алкагында парламенттик делегация менен премьер-министр Игорь Чудинов жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевдин жолугушуусу күтүлүүдө. Малайзиянын парламенттик делегациясынын иш сапарынын программасында делегация мүчөлөрүнүн «Ата-Бейит» тарыхый-эстелик ордосуна барып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине таазим этүү ишчарасы да каралып, Ысык-Көлдөгү «Рух-Ордого» саякаты да камтылган. Алар Көркөм сүрөт музейинде жана Тарых музейинде да болушат. Малайзия парламенттик делегациясынын расмий иш сапары 25-майда аяктайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG