Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:46

“Мен ишенбейм” акциясынын катышуучулары таза шайлоого чакырык таштады


“Мен ишенбейм” акциясынын катышуучулары президенттикке талапкерлерди жолугушууга чакырды. Жаштар үстүбүздөгү жылдын 23-июлда өтүүчү президенттик шайлоо ачык таза өтүүсү керектигин айтып, мындан эки жыл мурда өткөн Жогорку Кеңешке кезексиз шайлоо жаштарды иренжитип, көңүлүн калтырганын белгилеген. “Мен ишенбейм” акциясынын катышуучулары азыркы парламентти легитимсиз деп эсептешерин, алдыдагы президенттик шайлоодо өткөндөгү ыпылас технологиялар, бурмалоонун тажрыйбалары колдонулат деп тынчсызданып жатышканан билдирген. Алар жогорудагыларды эске алып, президенттикке талапкерлердин бардыгы менен жолугушуп, таза-ачык шайлоо өткөрүү маселесин коюшмакчы. (AJ)

XS
SM
MD
LG