Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Бүгүн Тил комиссиясы президенттикке талапкерлерди сынактан өткөрө баштайт


БШКнын маалыматына караганда дыйкан-фермелер партиясынан Куттубек Асылбеков бүгүн мамлекеттик тилден сынактан өтөт. Тизме боюнча талапкерлигин алып салган Исмаил Исаковдон кийинки дарыгер Жеңишбек Назаралиев бүгүн сынактан өтүүсү керек эле, бирок ал ден-соолугуна байланыштуу тил сынагын 4-июнда берүүнү БШКдан өтүнгөн. “Ак жол” партиясынан көрсөтүлгөн Курманбек Бакиев 26-майда, БЭКтин талапкери Алмазбек Атамбаев 27-майда, “Ак шумкардан” көрсөтүлгөн Темир Сариев 28-майда мамлекеттик тил сынагынан өтүшөт. Кыргызстандын Шайлоо кодексинин 61-беренесине ылайык президенттикке талапкер мамлекеттик тилде өзүнүн шайлоо алдындагы программасы жөнүндө үч бет текст жазып, 15 мүнөт кыргыз тилинде өз программасы тууралуу айтып берүүгө жана көркөм чыгармадан текст окуп берүүгө тийиш. (AJ)

XS
SM
MD
LG