Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн 20-майда Москвада болгон Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынына Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров да катышты. Жыйында регионалдык коопсуздук, ШКУнун алкагында антитеррордук кызматташууну күчөтүү маселелери талкууланды. Адахан Мадумаров Борбор Азия регионунда коопсуздук жана туруктуулукту камсыздоо боюнча Бишкекте такай иштеп туруучу конференция уюштуруу тууралуу президент К.Бакиевдин сунушун көтөрдү. Адахан Мадумаров ШКУнун жыйынынын алкагында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, Коомдук коопсуздук министри Мэн Цзяньчжу жана Тажикстан Коопсуздук кеңешинин катчысы А.Азимов менен жолугушкан. ШКУнунКоопсуздук кеңешинин катчылары Россия президенти Дмитрий Медведевдин кабыл алуусунда да болушкан. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)