Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:54

Таластын айрым жерлеринде сел жүрдү


Бейшембиге караган түнү Кара-Буура районуна караштуу Ак-Сай айылынын күн батыш жагынан келген сел айылдын четиндеги 8 тамдын чарбагын каптап, айдалган үрөөндү талкалап кеткен. Ошол эле түнү Манас району Арал айылынын түндүк жагынан да сел жүрүп, айылдын четиндеги Таш-Арык деген жердеги каналды ылайга толтуруп, суу чарба ассоциациясынын өкүлдөрүнө бир топ түйшүк жаратты. Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Жамбыл Басымбаевдин “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, селден жабыр тарткандар болгон жок. Анын айтымында, жогоруда аталган сел каптаган жерлерди аз чыгым менен эле калыбына келтирсе болот. (UA)

XS
SM
MD
LG