Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:37

Жалал-Абатта Өзбекстанга сатылган наристени кайтарып алуу аракети көрүлүүдө


Окуяга байланыштуу облустун Ноокен райондук прокуратурасы 19-майда кылмыш кодексинин 124- беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду. Иш козгоого Кочкор-Ата шаарынын эки тургуну уулун Өзбекстанга сатып ийгени түрткү болгон. Алар пайда табуу максатында ортомчу аркылуу өздөрүнүн 7 айлык чүрпөсүн 10 миң сомго соодалашкан. Учурда адам сатуу окуясы изилдөөгө алынып, коңшу өлкөгө сатылган баланы кайтарып алуу боюнча атайын иш-чаралар жасалууда. Мындай маалыматты бүгүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматы таркатты. (YA)

XS
SM
MD
LG