Жо Байдендин Бейруттагы сапары – Вашингтон Ливандын суверенитетин колдоорун көргөзүү. Ак үйдүн билдиргенине караганда, Байден Ливандын президент Мишель Сулейман баштаган расмий өкүлдөр менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ал ошондой эле Ливандын куралдуу күчтөрүнө кошумча жардам көргөзүлөрүн жарыялары күтүлүүдө. Ливанга чейин АКШ вице-президенти Балкан чөлкөмүн кыдырып, Босния, Сербия, Косоводо болду.