Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Парламент Чек айлындагы окуяны бейшембиде карайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда кыргыз-өзбек чек арасындагы Чек айлындагы окуя тууралуу сөз болду. “Ак жол” фракциясынын депутаты Бегалы Наргозуев парламент бул окуя боюнча баасын бериши керек, деп айтты. Бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизүүнү сунуш кылды. Айрым депутаттар маселенин жабык каралашы керектигин айтышты. Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев парламент Чектеги окуяны бейшембиде карарын билдирди. 19-апрелде Жалал-Абаддагы Чек айлында өзбек чек арачылары тургундарын үрөйүн учуруп үйлөрүн тинтүүгө алышкан. 30-апрелде чек ара бекети орнотулуп, айыл Өзбекстанга таандык экени жарыяланган. Кыргыз Тышкы иштер министрлиги тактала элек жерди өзбек тарап өзүнө каратып алганын айытап, нота жолдогон. (EBM)

XS
SM
MD
LG