Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:35

Бийлик бөлүштүрүү принциптери талкууланат


25-26-май күндөрү Бишкектеги “Хаят” мейманканасында “Мыйзамдын улуулугу жана бийлик бөлүштүрүүнүн принциптери” деп аталган жыйын өтөт. Анда аталган темалар боюнча жана көз карандысыз сот бийлиги, прокуратуранын ролу тууралуу баяндамалар жасалмакчы. Иш-чараны Жогорку Кеңеш менен Евробиримдик, Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы уюштуруп жатат. Талкууга депутаттар, президент администрациясынын, кыргыз өкмөтүнүн, соттордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Акыйкатчы катышат. (EBM)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG