Мурунку тышкы иштер министри, оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын өкүлү Аликбек Жекшенкуловдун адвокаттары Нина Зотова менен Асел Аргынбаеванын билдиришинче, сот 26-майда болот. Н. Зотованын айтымында, тергөө иштери аяктап, иш Биринчи Май райондук сотко берилди. Сот процесси ачык өтүп, коомчулук сотто эмне болуп жатканы билиши керек, дейт Н. Зоотова А. Жекшенкулов боюнча анын тапанчасынын түрк ишкери атып өлтүрүлүшү, иш боюнча башка адамдардын да күнөөлөнүп жаткандыгы жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, деген айыптар боюнча үч кылмыш иши бириктирилген. (EBM)